Аптанасаат:  Дос тандоо жөнүндө

Автор

Ар дайым эсиңде болсун уулум! Тирүү адам доссуз болбойт. Адамдын доссуз болгонунан көрөкчө жолдошсуз болгону ийги. Бир даанышмандан: «Дос жакшыбы, же жолдош жакшыбы?» — деп сураганда ал «дос жакшы», — деп жооп берген экен. Ошондуктан достуктун жолу жөнүндө ойлонгун, аларга белектер жөнөтүп, ар дайым адамгерчилик кылгын. Анткени, ким өз досун эстебесе, досу дагы аны түк эстебейт. Ал адам түбөлүк доссуз калат. Ар дайым дос күтүүнү адатка айландыргын. Себеби, кимдин досу көп болсо, анын айыптары да ашкере болбойт. Кадыр-баркың жогорулайт. Арийне жаңы дос тапканыңда эски достон кол үзбөгүн. Алардан жүзүңдү үйүрбөгүн, дайыма досуң көп болсун.

Элде: «Мыкты дос — адамга чоң дөөлөт», — деген сөз бар. Адамдар тууралу ойлоп көрсөң, алар сени менен достук мамиледе болушат. Алгач талкан дос болушат. Ушундайлар менен жакшы мамиледе болгун. Алар менен ар кандай жакшы жана жаман кырдаалда достошкун. Ошентип алар сенин көп жакшылыктарыңды көрсө, кийинчерээк акырындык менен ынтымактуу дос болгула!

Бөлүшүү:
Next Post

Күнгө учурулган станция алгачкы сүрөттөрүн жөнөттү

Автоматтык космос станциясы Күндү изилдөө үчүн жөнөтүлгөн. Ал Жер менен Айдын алгачкы сүрөттөрүн өткөрүп, ошондой эле борттогу камеранын жардамы менен өзүнүн сүрөттөрүн тарткан. Биздин планетанын сүрөттөрүн Индиянын Космос изилдөө уюму (ISRO) социалдык тармакка жарыялады. Роботтук космос станциясы 2-сентябрда учурулган. Ал 125 күндөн кийин Күн-Жер системасынын Лагранж чекитинин (L1 чекити) аймагында […]

Сизге жагышы мүмкүн