Токаев армияны бронетехника жана учкучсуз учактар ​​менен камсыздоону тапшырды

Автор

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев элге кайрылуусунда өнүккөн өлкөлөрдө улуттук коопсуздукту камсыз кылууда негизги ролду ойногон аскердик-өнөр жай комплексин ар тараптуу чыңдоону маанилүү маселе деп атады. Бул максатка жетүү үчүн Казакстанда  материалдык-техникалык база, компетенция жана кадрлар бар экенин кошумчалады.
«Биздин армия жогорку технологиядагы курал-жарактар ​​жана аскердик техникалар, анын ичинде бронетранспортерлер, учкучсуз учуучу аппараттар жана заманбап аткыч куралдар менен камсыз болушу керек.  Жабдууларды оперативдүү оңдоо үчүн өндүрүштүк кубаттуулуктарды күчөтүү, ата мекендик ишканаларды колдоону күчөтүү зарыл»,-деди Токаев.

Бөлүшүү:
Next Post

Көк бөрү чыры: 25 жаран милицияга жеткирилди

Төлөйкөн ат майданындагы көкбөрү оюнунда коомдук тартипти бузган жана чагымчылдык аракеттерди жасаган 25 жаран аныкталып, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кармалып келинди. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты. Маалыматка ылайык, азыркы учурда тергөө-оперативдик тактоо иштери жүрүп жатат. Окуя боюнча мыйзам бузууларга, коомдук тартипти бузууга жана чагымчылдык жасооого байланышкан жагдайлар […]

Сизге жагышы мүмкүн