Украинада 50гө жакын журналист, ыктыярчылар набыт болгон

Автор

Орусиянын Украинага бастырып кирген бир жыл аралыгында укук коргоочу, журналист жана ыктыярчы болуп, 50гө жакын киши көз жумду. Мындай маалыматты “Front Line Defenders” Эл аралык уюму таратты. Уюм Орусия согушка байланыштуу документтерди чогулткан укук коргоочуларды башынан бери эле бутага алып келгенин, журналисттер жана укук коргоочулар чогулткан далилдерди жок кылууну көздөп жатканын кабарлап, муну келечектеги соттук иштерге болгон тоскоолдугу деп баалайт. “Front line Defenders” уюму билдиргендей, Украина согушунда курман болгон укук коргоочулар менен журналисттердин өлүмү боюнча дүйнөдө 2-орунга чыкты. Биринчи орунда Колумбия турат. Ал жакта 186 кесипкөй набыт болгон.

Бөлүшүү:
Next Post

Алмазбек Бейшеналиевдин соттук иши башталды

Пара алууга шектелип кылтакка илинген экс-билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиевдин иши Биринчи май райондук сотунда каралып баштады. Белгилүү болгондой, буга чейин анын иши боюнча алдын ала соттук отурум жабык эшик артында өткөн. Эми кийинки соттук отурум 18-апрелге жылды. Өлкөнүн укук коргоо органдары 2022-жылдын 28-сентябрында пара алууга шектелип бир министрдин кармалганын […]

Сизге жагышы мүмкүн