Имамидин Ташовдун апасы Акыйкатчыга кайрылды

Автор

Өткөн жумада камакка алынган Имамидин Ташовдун апасы баласы ур – токмокко кабылып, тамак-суу берилбей жатканын айтты.
Ал Акыйкатчыга жана кыйноолордун алдын алуу борборуна кайрылды. “Балам ур – токмокко кабылыптыр. Мүрүлөрүндө көгалалар бар экен. Кусуп жатыптыр, бирок, докторго көргөзүшпөй жатышат. Жактоочусу жок бир жерлерге алпарышат экен. Азыр өмүрү коркунучта болуп жатат, мындан улам бул жерге кайрылууга мажбур болуп жатам”,- деди. Аталган мекеме арызын кабыл алып, текшерүү жүргүзөөрүн убадалаган.

Бөлүшүү:
Next Post

Шойгу: Эл аралык абал оор бойдон калууда

Эл аралык абал оор бойдон калууда жана ого бетер курчуп баратат. Бул тууралуу Россиянын Коргоо министрлигинин башчысы Сергей Шойгу ШКУга мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлеринин Астанада өткөн жыйынында билдирди. «Геосаясий карама-каршылыктар күчөп, стратегиялык туруктуулуктун фундаменталдык негиздери бузулуп, эл аралык институттардын ролу төмөндөп баратат. Бул негизинен АКШ жана анын союздаштарынын дүйнөлүк үстөмдүктү […]

Сизге жагышы мүмкүн