Азия кубогу: Кыргызстандын жаштар курамасы Кытайдын командасы менен тең чыкты

Автор

Өзбекстанда өтүп жаткан Азия кубогунун үчүнчү беттешинде Кыргызстандын жаштар курамасы (U-20) Кытайдын командасы менен оюн талаасына чыкты. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Оюн Ташкенттин “Жар” стадионунда өттү.

Эки команданын беттеши 1:1 эсебинде аяктап, Кыргызстандын жаштар курамасы 1/4 финалга чыкпай калды.

Азия кубогу 1-мартта башталган, 18-мартка чейин уланат. Ага 16 команда катышууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Парламенттик жана президенттик шайлоо 14-майга белгиленди

Түркиянын Жогорку шайлоо кеңеши өлкө башчысы Режеп Тайып Эрдогандын парламенттик жана президенттик шайлоону 14-майга белгилөө боюнча мурда кабыл алган чечимин жактырды. Тиешелүү чечим бир добуштан кабыл алынды. Зарыл болсо экинчи тур 28-майда өткөрүлөт. 2014-жылдан бери өлкөнү башкарып келе жаткан Эрдоган Республикалык альянстын бирдиктүү талапкери катары кайрадан шайлоого катышууну көздөп жатканын […]

Сизге жагышы мүмкүн