Тажикстандын кол салууда  жабыркагандардын 36,4 млн сом карызы жоюлду

Wp Pw
0 0
Read Time:38 Second

Тажикстандын Кыргызстанга куралдуу кол салуусу учурунда жабыркаган Баткен жана Ош облустарындагы жабыркаган жарандардын  36,4 млн сом карызы жоюлду. Бул тууралуу Улуттук банк маалымат берди.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 30-апрелине карата финансы-кредит уюмдарына (мындан ары – ФКУ) 514 карыз алуучу кайрылган, 36,4 млн сом суммасында 378 кредит жоюлупган, 324,3 млн сом суммасында 230 насыя реструктуризацияланган.

Эске салсак, 2022-жылдын 14-17-сентябрында Тажикстан Кыргызстандын аймагын басып алуу максатында Баткен облусунун жана Ош облусунун Чоң-Алай районунун чек ара заставаларына жана калктуу конуштарына кол салуу менен куралдуу кол салган.

Аскердик басып алуунун натыйжасында 63 адам, анын ичинде аскер кызматкерлери, жай тургундар жана балдар курман болуп, 198 адам жабыркаган. Ошондой эле турак-жайлар, экономикалык жана социалдык объектилер, турмуш-тиричиликти камсыз кылуучу турак-жайлар талкаланып, зыянга учураган.

About Post Author

Wp Pw

Happy
Happy
0 %
Sad
Sad
0 %
Excited
Excited
0 %
Sleepy
Sleepy
0 %
Angry
Angry
0 %
Surprise
Surprise
0 %
Next Post

Прокурорлор менен сотторго төлөнгөн каражатка эл нааразы

“Прокурорлорго орточо кызмат акысынын эсебинен бир жолку айлык  өлчөмүндө сый акы төлөнөт. Мындай маалыматты башкы прокурордун орун басары Үмүткан Конкубаева парламенттеги комитет жыйынында билдирди. Мындан улам Чаткал районунун көз жумган судьясына 21 млн 699 миң сом төлөнүп берилет. Прокурор айымдын мындай маалыматы депутаттарды дүргүттү. Надира Нарматова “муну угуп алып, прокурор […]