Жалал-Абадда жер титиреди

Автор

Жалал-Абад облусунун аймагында жер титиреди. КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн, 6-июнда түнкү саат 03:11де катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен.

Жер титирөө Сузак районунун Кара-Чолок, Таран-Базар- 3 балл, Кара-Алма, Саты, Калмак-Кырчын, Жийде, Канжыга, Сай, Карамарт, Ак-Тоок, Сары-Булак айылдарында жана Ош облусунун Өзгөн районунун Чангет, Орказган айылдарында 2.5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалыматка караганда, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Бөлүшүү:
Next Post

Мобилизацияны кабарлоонун жаңы ыкмасы сунушталды

Россия Федерациясынын Коргоо министрлиги россиялыктарды мобилизацияга чакыруу жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштап, аны смс аркылуу чакыруу мүмкүнчүлүгү менен толуктады. Долбоорго ылайык, аскер комиссариаттары күн тартибиндеги маселелер боюнча билдирүүнү «Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр боюнча» өздүк кабинетине, салык төлөөчүнүн жеке кабинетине, ошондой эле СМС аркылуу келечектеги аскерге милдеттүүнүн абоненттик номерине жөнөтө алышат. Билдирүү […]

Сизге жагышы мүмкүн