Жоламан Шаршенбеков экинчи жолу Дүйнө чемпиону болду

Автор

Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан Дүйнө биринчилигине Шаршенбеков 60 кг чейинки салмак ченинде 1/16 финалдык баскычтан тарта катышты.

Аталган беттеште Шаршенбеков литвалык, грузиялык, ирандык, өзбекстандык балбандарды жеңип, финалга чыккан.

Финалдык беттеште кыргыз балбаны япониялык спортчу Кеничиро Фумита менен кез келип, аны 11:6 эсебинде артта калтырып, Дүйнө чемпиону болду.

Белгилей кетсек, быйыл аталган чемпионатта 2024-жылы Париж шаарында өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо ойнотулууда. Ошентип, Шаршенбеков Олимпиада оюндарына дагы жолдомо алды.

Бөлүшүү:
Next Post

Айды изилдеген түзүм Жер менен байланышын үздү

Индиянын  Айга конгон   «Прагьян» жана «Викрам»  аппараты Жер менен байланышы токтоду. Адистердин байланышты калыбына келтирүү аракетине жооп боло элек.  Бул тууралуу Индиянын Космос изилдөө уюму X социалдык тармагында билдирди. Алар Жердин табигый жандоочунда Айдын бир күнү же 14 Жер күнү иштеген. Түзүм 23-августта Айдын аз изилденген Түштүк уюлуна жакын жерге […]

Сизге жагышы мүмкүн