Суук тийүүдөн тез айыгууга жардам берген эки азык аталды

Автор

Суук тийген организм алсыз болот.  Туура тандалган диета анын айыгуусуна жардам берет.
Ооруп жаткан адамга организмди инфекция менен күрөшүү үчүн энергия менен камсыз кылган протеин, ошондой эле сезгенүүгө каршы заттар, атап айтканда флавоноиддер керек.
Андыктан белоктун булагы болгон жумуртканы жеп туруу суук тийүүдөн айыгууга жардам берет.  Ал эми балды сезгенүүгө каршы компонент катары колдонсо болот.  Аны аз өлчөмдө чайга кошууга болот. Буларга кошумча мөмө компоттору жана жемиш суусундуктары  иммунитетти бекемдейт.

Бөлүшүү:
Next Post

«MegaCom»  компаниясын сатуу жылдырылды

«Альфа-Телеком» (MEGA соода маркасы) компаниясын сатуу боюнча аукцион 11-октябрга жылдырылды. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлк фонду расмий сайтына жарыялады. «Мега» мамлекеттик компаниясынын 100% акциясын сатуу боюнча электрондук акцион 2-октябрда өтмөк. Бирок 29-сентябрга карата акционго катышууга арыз түшкөн эмес. Компанияны сатуу боюнча түзүлгөн мекемелер аралык комиссиянын чечими менен аукцион 11-октябрга жылдырылган. Компаниянын […]

Сизге жагышы мүмкүн