Бир жыл ичимдик ичпесе организмде кандай өзгөрүүлөр болот?

Автор

Илимпоздор бир жыл боюу спирт ичимдиктерин ичпесе организмде кандай өзгөрүүлөр болорун илимий далилдешти.

Спирт ичимдиктеринин  зыяндуу таасири көп учурда адистер тарабынан эскертилип турат. Башка жагынан алганда, өзгөчө акыркы жылдары популярдуу болуп, интернет аркылуу уюштурулган жана көптөгөн адамдар өз окуяларын бөлүшө турган “Алкоголсуз октябрь” сыяктуу түрдүү иш-чаралар  бар.

Бул мезгилде адамдар интернет аркылуу бири-бирин сооротуп, бир ай бою “жаман адаттардан” алыс болууга аракет кылышат. Мындай иш-чаралар акыркы убакта көбөйүүдө.

Демек, 1 жыл ичимдик ичпесе, организмде кандай өзгөрүүлөр болот?

Адистер спирт ичимдиктерин ичпеген алгачкы күндөрү уйкунун сапаты нормага  түшүп, жогорулаганын белгилешти. Ошондой эле турмушта реалдуураак чечимдер кабыл алынып, чыгармачылыктын темпи өсөрү айтылат.

Анын үстүнө алкоголдук ичимдиктерди коротпой чөнтөгүңүзгө акчаңызды үнөмдөйсүз. Мындан тышкары  бир айдан кийин инфаркт жана инсульт коркунучун азайтып, боор, бөйрөктөр да айыгат.

Андан кийин, энергиянын деңгээлинде жана маанайда чоң жакшыруу байкалат. Жашоодон ырахат алууга чоң таасирин тийгизген допаминдин деңгээли нормалдуу деңгээлге кайтып, ошентип адамдар көп нерселерден ырахат ала башташат.

Үчүнчү айдан баштап боор, ашказан, эмчек, ооз, энелик без, кекиртек, кызыл өңгөч жана башка көптөгөн рактардын пайда болуу коркунучу төмөндөйт. Ичкиликсиз жашоо да терини абдан кооздоп, жакшыртат.

Бир жылдан кийинчи?

1 жыл бою алкоголдук ичимдиктерди колдонбогон адамдын энергиясы чоң, маанайы сергек, салмагында көйгөйлөр жок жана коомдук мамилелери жакшы болот. Допаминдин деңгээлинин жогорулашынын аркасында жаңы тажрыйбалар жакшыраак кабыл алынып, адамдар бактылуураак болушат. Мындан тышкары, күнүмдүк турмушта да, эмгектин натыйжалуулугунда да бир топ жогорулаш бар.

Акыр-аягы, рак, жүрөк оорулары, боор жана бөйрөк оорулары коркунучу бир кыйла төмөндөйт жана ооруларга каршы организмдин иммундук функциясы бир топ жакшы иштейт.

Бөлүшүү:
Next Post

Нетаньяху ХАМАС менен согуштун үчүнчү этабы башталганын жарыялады

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху ХАМАС тобу менен жаңжалдын үчүнчү этабына өткөнүн билдирди. “Блокаданын биринчи этабы аяктады. Экинчи этап – аларга каршы аба соккулары. Үчүнчү этап – Израилдин Коргоо күчтөрү Газа тилкесине кургактыктан кол салуусун кеңейтүүдө “,-деди. Беньямин Нетаньяху ошондой эле Израил барымтадагыларды бошотуу аракетин улантып жатканын айтты. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн