Немис генералдарынын жашыруун сүйлөшүүлөрү тарады

Автор

РИА Новости телеканалы 17-февралдагы 3 немис генералалынын жашыруун сүйлөшүүлөрүн жарыялады. Анда немис генералдарынын Крымдагы “Керченский” атындагы стратегиялык мааниге ээ көпүрөнүн жардырылышы жана Украинага курал жарак жөнөтүү планын түзүп жатышкандарын угууга болот. Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров Германия бийлигинен окуяга байланыштуу маалымат сурады. Ал эми Германиянын коргоо министрлиги генералдарга кылмыш иши козголгонун билдирди. Ошол эле күнү Орус куралдуу күчтөрү Харьков жана Одесса шаарларын бомбалады.
Орус-Немис мамилеси күн сайын курчуп баратат. Кечээ немис коргоо министри Борис Писториус генералдардын жашыруун сүйлөшүүлөрү боюнча жооп берип жатып, “Путин маалыматтык согушун жүргүзүп жатат. Бизин ынтымагыбызды уратууга аракет жасоодо. Бул жөнөкөй окуя эмес”,- деп билдирди. Ал эми Германиянын Федералдык канцлери Олаф Шольц “бул олуттуу маселе. Көйгөй боюнча эң кыска убакытта маалымат беребиз”,- деди.
Орус тарапта болсо, коопсуздук кызматынын төрага орун басары Дмитрий Медведев 1941-жылдагы немис аскерлери үчүн жазылган “өлтүр аны” деген ырды жыйналышта окуп берди.
Ырда
“орус аскерлерин өлтүр,
бирөөнү тапсаң да өлтүр”
сыяктуу куплеттер бар.

Бөлүшүү:
Next Post

Мурдагы мэрлерге доомат коюлду

Ош шаарындагы Ахматбек Сүйүмбаев атындагы стадиондун жерлери 2000-2009-жылдар аралыгында жеке жактарга берилип кеткени маалым болду. “Тактап айтканда, Ош шаарынын мурдагы мэрлери Жусупбек Шарипов, Жумадыл Исаков жана Жантөрө Сатыбалдиевдин учурунда жеке тараптарга берилип кеткен. Алгач, курулушка уруксат берилип, андан кийин ошол эле мэрлердин колдору менен жеке тараптарга бекитилип берилген”,- деп билдирди […]

Сизге жагышы мүмкүн