Миң айдан артык Кадыр түндүн белгилери

Автор

Ыйык Рамазан айынын аякташына саналуу гана күндөр калды. Рамазандын акыркы 10 күндүгүндө катылган Кадыр түндү издеп, дуба-тилектер кылынып жатат. Бул түн 1 жылда бир гана жолу келип, анын баалуулугу 83 жылга тете. Мусулман адам Кадыр түнгө туш болуп, аны Аллах Таалага ибадат кылуу менен өткөрсө, ал 83 жыл бою ибадат кылгандай сооп табат.

Пайгамбарыбыз минтип айткан: “Кадыр түн менин үммөтүмө берилген чоң сыйлык, мындай сыйлык мага чейинки бир да үммөткө берилген эмес”.

Кадыр түн дал кайсы түнгө жашырылганы Кудуреттүү Аллахка гана маалым. Бирок бул түндүн белгилери мусулмандарга айтылган.

ПАЙГАМБАРЫБЫЗДЫз ХАДИСТЕРИНЕ ЫЛАЙЫК КАДЫР ТҮНДҮН БЕЛГИЛЕРИ:

  • Жергиликтүү климаттык шарттарга ылайык, бул түн ысык да, суук да болбойт. Түнкүсүн абанын температурасы мелүүн келип, үшүк жүрбөйт. Катуу шамал, ысык болбойт.
  • Бул түн тынч, бейпил келип, тимеле табият демин ичине каткандай, асман булутсуз жана жаансыз болот.
  • Бул түндө жылдыздар учпайт.
  • Бул түндүн таңында, күндүн нурлары өтө чагылбай, жумшак кызыл түстөгү төгөрөк сымал болот. Анын жарыгы жумшак, көздү уялтпаган, булутсуз асмандагы толгон айдай жарык чачат.
Бөлүшүү:
Next Post

G7 өлкөлөрү экологияга 100 миллиард доллар бөлөөрүн билдиришти

G7 өлкөлөрүнүн климат, энергетика жана айлана-чөйрө министрлери 2023-жылы климатты каржылоо боюнча жылына 100 миллиард доллар өлчөмүндө бөлүү ниетин билдиришти. Саппородогу эки күндүк жыйындын соңунда температуранын жогорулашын орточо градуста кармап туруу үчүн зарыл болгон инвестициялык боштукту жабуу, климаттын өзгөрүүсүндөгү тобокелчиликтерден коргоо үчүн чукул өзгөртүүлөр зарыл экени айтылды. Жыйындын 2025-жылга чейин жылына […]

Сизге жагышы мүмкүн