Армениянын премьери Никол Пашинян  КМШ саммитине катышпайт

Автор

Армениянын премьери Никол Пашинян  КМШ саммитине келе албайт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө белгилүү болгон.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиргенине караганда телефон сүйлөшүүсүндө эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелер, анын ичинде ушул жылдын 13-октябрында Бишкекте өтө турган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйыны талкууланды.

Мындан тышкары  Армениянын премьер-министри бир катар жагдайлардан улам КМШнын Мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйынына катыша албай турганын өкүнүч менен билдирди.

Лидерлер туруктуу байланыштарды сактоого жана эки өлкөнүн элдеринин жыргалчылыгы үчүн достук маанайда эки тараптуу мамилелерди бекемдөөгө макулдашты.

 

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 11-октябрга карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 88.90 сомдон  болсо, сатуу  88.97 сомго  чейин  болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 88.92 сом  деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн