Сооронбай Жээнбековду кол тийбестигинен ажыратууга аз калдыбы?

Автор

Экс-президент Сооронбай Жээнбековду кол тийбестигинен ажыратуу боюнча көтөрүлгөн демилге депутаттар арасында колдоого алынып жатканы кабарланууда. Бул маселени парламенттин жалпы жыйынына алып чыгуу үчүн 31 депутат колдошу керек.
Демилгенин автору депутат Акылбек Түмөнбаев Сооронбай Жээнбековду кол тийбестик макамынан ажыратууну былтыркы жылдан бери көтөрүүдө. 2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин Сооронбай Жээнбеков ыктыярдуу түрдө ыйгарым укуктарын токтоткон.
Белгилей кетсек, Кыргызстанды 32 жылда 6 президент башкарып, алардын үчөөнө кылмыш иши козголгон. Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбеков гана кол тийбестик макамын сактап калышкан.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстандык дзюдочулар «Ташкент Гранд Шлем» мелдешине катышат

Кыргызстандык дзюдочулар Өзбекстанда өтө турган «Ташкент Гранд Шлем» мелдешине катышат. Мелдеш 1-3 мартта өтөт. Ага Кыргызстандан 14 спортчу катышат. Эркек арасында турнирге Кубанычбек Айбек уулу (66 кг), Казыбек Чыныбеков (66 кг), Адам Бакытбек уулу (73 кг), Чынгызхан Сагыналиев (73 кг), Асад Масабиров (81 кг), Арсений Кладнов (81 кг), Эрлан Шеров […]

Сизге жагышы мүмкүн