Акылбек Жапаров, Министрлер кабинетинин төрагасы: “Куранда деле кирешеңин кырктан бир бөлүгүнөн зекет бер деп жатпайбы?”

Автор

Маек ордуна: Кечээ, 4-декабрда «Билимдүү Кыргызстан» улуттук демилгеси өлкөбүздүн билим берүү тармагындагы реформалар боюнча жолугушуу өткөрүп, ага Акылбек Жапаров  өзү катышты. Журналисттер кыска болсо да, ишкерлер чөйрөсүндөгү акыркы абал боюнча пикирин сурап калууга жетиштик.

– Акылбек Үсөнбекович, ККМ аппараты боюнча соода жайларында жана чоң базарларда элдер нааразычылык акциясына чыгып жатышат. Буга кандай дейсиз?

– Кодекс 1-январдан баштап иштей баштайт. Маалымат туура эмес жетип жаткандыктан “коркконго кош көрүнөт” болуп жатат окшойт да. Биз көчөдө же, контейнерде турган соодагерлерден салык алууну көздөп жаткан жокпуз. Маселен, 8 млн сомго чейин соода кылбагандар 1 тыйын төлөбөйт. Бирок, “кассалык көзөмөл апарат коюп, товарды каяктан алдыңар, электрондук эсеп кысапты бизге айтып койгула”,- деп жатабыз.

– Салык төлөөнүн өлчөмү кантип белгиленген?

– Эгерде 30 млн сомго чейин соода кылынган болсо, анда 01 пайыз, ал эми 50 млн сомго чейин болсо, 05 пайыз төлөнөт. Куранда деле кирешеңин кырктан бир бөлүгүн зекет катары  бер деп жатпайбы?

– Базар ээлери бул демилгеге эмне деп жатышат?

– Мен базардын кожоюндары жана соода компаниялардын башкаруучулары менен жолугушуу өткөзгөмүн.  Дордойдон салыкчылардын баарын алып кеткенбиз. Дордойдогу башкаруучу компаниялар соода лицензиясын сатып, ошол лицензиянын негизинде жыйымын өкмөткө төлөп бериши керек. Дордой базар 35 млн сомдон 50 млн сомго чейин араң берип жатат. Ал эми Кытайдын берген маалыматында 15 млрд долларлык товар кыргызстандан өттү деп жатышат. Бул биздин ички дүң продукциябыздан да көп. 1 трлн сомдон ашык товар биздин базарлардан өтүп жатат.

– Бул бир чети ишкерлерге шарт түзүү десек болобу?

– Эгер электрондук счет фактура болбосо, сырткы өлкөлөргө бир да товар жылбайт. Борбордук Азияда жалгыз биздин өлкө калды, ошон үчүн биздин товарлар Орусияга жетпей, ортодон Казакстан да токтотуп жатат. Биз бизнесмендерди ошого үйрөтүп жатабыз. Эгер товар уюшкан кылмыштуу топторго таандык болсо, коррупция менен аралаш болсо, же, уурдалып келсе, аны сатканга мыйзам таптакыр жол бербейт. Булардын баары конфискацияланат. Биз ишкерлерди коргоо үчүн деле талап кылган ушул документтер керек.

– ККМ аппараттары кымбат деп жатышат го.

-Биз электрондук счет фактуралар менен ККМ аппараттарын берүүнү жөнөкөйлөтөбүз. Биздин өлкөдө ар бир ишкер салык төлөшү керек. Маселен, эми бутуна туруп келаткандар 8 млн сомго чейин соодасы жетпесе, патенттин да кереги жок. Өзүнчө салык номерин алып коюп иштей беришсин. Ошентсе да, аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек деп ойлойм.

Бөлүшүү:
Next Post

Эрсин Татар, КИПРдин президенти: "Кыргызстан биз үчүн абдан кымбат"

КИПР Түрк Республикасынын президенти Эрсин Татар  Азербайжан зыяратынан кийин Кыргызстанга келди. Ал Манас Кыргыз-Түрк Университетинин, “Түрк дүнүйөсүнүн инженерлер бирлигинин” жана “Экоавразия фондунун” колдоосу менен уюштурулган “Кыргызстанда энергетикалык инвестицияны өнүктүрүү жана колдоо” деп аталган Эл аралык конференцияга катышуу үчүн келген. Белгилүү журналист Сейфуллах Түрксойго берген кыска маегинде, “биз КИПРдык түрктөр Түрк […]

Сизге жагышы мүмкүн