Муфтияттын жаңы баш кеңсеси ачылды

Автор

Бишкек шаарында КМБДнын (Муфтият) жаңы курулган баш кеңсесинин салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Азирети Муфтий Замир кары Ракиев баштаган муфтият аппараты, казылар, райондордун баш имам-хатибдери, ДОЖ мүдүрлөрү, «Исмаил Матраимов» атындагы коомдук кайрымдуулук фондунун жетекчилиги, мекеме-ишкана директорлору, дин аалымдары, диний ишмерлер, ар кайсы фонд өкүлдөрү жана шаардыктар катышты.

Ошондой эле ардактуу конок катары чакырылган Орусия Муфтийлер Кеңешинин төрагасынын биринчи орун басары Дамир Мухетдинов, Өзбекстан мусулмандарынын башкармалыгынын жетекчиси Нуриддин ажы Калыкназаров баштаган өзбекстандык диний кызматкерлер жана Казакстан мусулмандарынын баш муфтийи Ноорузбай ажы Таган уулу башында турган казакстандык диний делегация аземге күбө болду.

Аземдин жүрүшүндө Азирети Муфтий Замир кары Ракиев баштаган бир катар диний кызматкерлер КР Президентинин жана КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын Алкыш баракчалары менен сыйланды. Сыйлык тапшыруунун экинчи бөлүгүндө Орусия Муфтийлер Кеңешинин төрагасынын биринчи орун басарына, Өзбекстан мусулмандарынын башкармалыгынын жетекчисине жана Казакстан мусулмандарынын баш муфтийине КМДБнын жогорку даражалуу «Ынтымак» медалы ыйгарылды.

Аны менен катар ислам динине, анын салттуу көөнө баалуулуктарынын жайылышына, мамлекет бүтүндүгүнө, эл биримдигине, Мекен тынчтыгына, ошондой эле КМДБнын өнүгүшүнө жакындан салым кошкон инсандарга Муфтият тарабынан жогорку даражалуу орден-медалдар тапшырылды.

Бөлүшүү:
Next Post

Шашылыш билдирүү! Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрүшү күтүлөт

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты. Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, үстүбүздөгү жылдын 28-29-август күндөрү көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу райондордо жаан карга айланышы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты. 28-29-август күндөрүндө абанын температурасы төмөндөп: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13°, күндүз 18…23°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн […]

Сизге жагышы мүмкүн