Си Цзиньпин үчүнчү мөөнөткө шайланды

Автор

Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын депутаттары бүгүн, 10-мартта бир добуштан Си Цзиньпинди кайрадан Кытай Эл Республикасынын төрагалыгына шайлашты. Ошентип, Си өлкөнүн тарыхында үчүнчү беш жылдык мөөнөткө шайланган биринчи Кытай президенти болуп калды. Ошондой эле Си Цзиньпин өлкөнүн бардык куралдуу күчтөрүнө жетекчиликти жана бирдиктүү командачылыкты камсыз кылган Кытайдын Борбордук Аскердик комиссиясынын башчысы кызматына кайрадан шайланды. Саясатчы биринчи жолу 2013-жылдын март айында Ху Цзинтаонун ордуна Кытайдын төрагалыгына келген. Ал 2018-жылдын март айында экинчи беш жылдык мөөнөткө кайра шайланган. Өткөн жылдын октябрь айында Си Цзиньпин үчүнчү мөөнөткө Кытайдын Коммунисттик партиясынын башчысы болуп кайра шайланган.
Си Цзиньпин 1953-жылы Шэньси провинциясынын Фупин шаарында төрөлгөн. Атасы Мао Цзэдундун өнөктөшү Си Чжунсун болгон, ал бир убакта Кытайдын вице-премьер-министринин кызматын аркалаган.

Бөлүшүү:
Next Post

Кандын басымы жашына жараша кандай болуусу керек?

Мурда колдонулуп келген стандарттарга ылайык, эс алуу учурундагы дени сак адамдын кан басымы (АД) төмөнкү көрсөткүчтөрдөн ашпоого тийиш: 90 – 60 жаштан ашкан бейтаптар үчүн. Жогору басымда таблетка ичсе болобу? – Эгерде баш оорунун себеби кан басымдын көтөрүлүшү болсо, анда аны төмөндөтсө, ыңгайсыздыкты жоюуга болот. Ошондуктан, таблеткаларды баш ооруга эмес, […]

Сизге жагышы мүмкүн