Тесла заводунун электр чубалгыларын өрттөп, ишин токтотушту

Автор

Тесланын Берлиндеги заводу электр линиясында чыккан өрттөн улам ишин токтотууга аргасыз болду. Өрттүн чыгышына компаниянын экологиялык саясатына каршы чыккан жергиликтүү солчулдар себеп болгон.
Журналисттердин айтымында, Берлиндин кээ бир райондорунда жана коңшу аймактарда да электр жарыгы өчүрүлгөн. Тесла компаниясы кызматкерлери эвакуацияланганын билдирди. Адистерге электр энергиясын калыбына келтирүү үчүн бир аз убакыт талап кылынат.
Берлиндин укук коргоо органдары иликтөө иштерин баштады.

Бөлүшүү:
Next Post

Синтетикалык баңгизат сатууга көмөктөшкөндөр кармалды

“Telegram”мессенджери аркылуу синтетикалык баңги заттарды сатууга көмөктөшкөн криптовалютанын ээлери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты. Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан 2024-жылдын 4-мартында Бишкек шаарында «Telegram» мессенжери аркылуу «мефедрон», «туз», «кристалл» синтетикалык баңги заттарын сатышып, криптовалюталык кызмат көрсөткөн адамдардын тобунун кылмыштуу иш-аракеттерине бөгөт коюлду. «Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө «крипто алмашуучулардын» тобу кармалып, алардан көп […]

Сизге жагышы мүмкүн