Президенттин туулган күнүндө анын ысымында “акылдуу шаар” ачылды

Автор

Түркмөнстанда президенти Сердар Бердымухамедовдун катышуусунда 29-июнда өлкөнүн экс-президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун ысымы ыйгарылган жана анын демилгеси менен курулган өлкөнүн биринчи “акылдуу шаары” Аркадагтын ачылышынын урматына салтанаттуу иш-чаралар башталды.
Өлкөнүн президенти жана меймандар Аркадаг шаарынын башкы аянтына барышты, ал жерде салтанаттуу түрдө мамлекеттик гимндин коштоосунда Түркмөнстандын желегин көтөрүп, Аркадаг эстелигин ачышты.
Ошол эле күнү, 29-июнда шаардык телеканал эфирге чыга баштады жана гезиттин Аркадаг деп аталган биринчи саны жарык көрдү.
Түркмөнстандагы шаардын ачылыш аземине 14 мамлекеттен жана 12 эл аралык уюмдан, анын ичинде БУУ, ЕККУ, ЮНЕСКОдон коноктор келери маалымдалган.
Аркадагтын ачылышы 29-июнда, республиканын экс-президенти, азыр расмий түрдө Аркадаг титулуна ээ болгон парламенттин төрагасы Гурбангулы Бердымухамедовдун туулган күнүндө башталган. Бүгүн ал 66 жашка чыкты.
Аркадаг өзү майрамга катыша алган жок. Ал ажылык зыяратын аткаруу үчүн Сауд Арабияга мамлекеттик делегацияны жетектеп кеткен.
Шаардын курулушу боюнча демилге Гурбангулы Бердымухамедов тарабынан көтөрүлүп, 2019-жылы башталган.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команда Дүйнө чемионатына даярданууда

Кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команда Дүйнө чемионатына даярдык көрүүдө. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, балбан кыздар дүйнө чемпионатына жана эл аралык мелдештерге даярдык көрүү максатында Чолпон-Ата шаарында окуу-машыгуу жыйынын өткөрүп жатат. Ал 22-июнь күнү башталган, 14-июлга чейин уланат. Курама команданын тизмеси: — 62 кг — […]

Сизге жагышы мүмкүн