Си Цзиньпин жана Зеленский телефон аркылуу сүйлөштү

Автор

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Украинанын президенти Владимир Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөштү.
«Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен телефон аркылуу узак жана мазмундуу сүйлөштүм. Украинанын Кытайдагы элчисин дайындоо биздин эки тараптуу мамилелерибиздин өнүгүшүнө күчтүү түрткү берет деп ишенем»,-деп жазды Украинанын президенти Твиттерде.
Сүйлөшүүдө Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу маселеси көтөрүлгөнүн билдирди. Украин лидеринин айтымында, аймактык компромисстер аркылуу тынчтык орнотуу кабыл алынгыс экенине ишенет.
Зеленский 1991-жылдагы чек аралар менен өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн камсыз кылууга аракет кылуу керек деп эсептейт.

Бөлүшүү:
Next Post

Ура-аа! Акжол Махмудов Роман Власовду утту

Грек-рим күрөшү боюнча балбан Акжол Махмудов Иван Поддубныйдын балбандар лигасынын (PWL – 4) мелдешинде россиялык атаандашы Роман Власовду жеңип алды. Махмудов менен Власов грек-рим күрөшү боюнча 77 кг салмакта күч сынашты. Эки балбан тең атаандашына белин алдырбай 1:1 эсебинде күрөштү аяктады. Акыркы упайды Акжол Махмудов алганы үчүн жеңиш ага берилди. […]

Сизге жагышы мүмкүн