НАТО Украина үчүн ок-дары калбаганын билдирди

Автор

“Батыш өлкөлөрүндө Украинага бериле турган ок-дарылар дээрлик калган жок, жакында Европадагы кампалар толугу менен бош калат”,-деп билдирди НАТОнун Аскердик комитетинин төрагасы адмирал Роб Бауэр Варшавадагы коопсуздук форумунда. “Бочканын түбү көрүнүп калды”,-деп белгиледи Бауэр.
Улуу Британиянын куралдуу күчтөр боюнча кенже министри Жеймс Хиппи ошол эле форумда сүйлөп, курал-жарак запастары түгөнгөнүнө карабай, Украинага жардам берүүнү улантууга чакырды. Ал ошондой эле Батыштын ок-дарыларды көбүрөөк чыгаруу мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга тийиш экендигин баса белгиледи.
Пентагондогу маалыматтарга караганда украин аскерлери күнүнө 2000ден 3000ге чейин артиллериялык снаряддарды колдонушат.

Бөлүшүү:
Next Post

Садыр Жапаров билим берүү кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-октябрда, мугалимдерди жана КР билим берүү тутумунун кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.   Мамлекет башчысынын куттуктоосу:   «Ардактуу агай-эжейлер!   Урматтуу билим берүү тармагынын кызматкерлери!   «Мугалим» деген ыйык наамды адамгерчилик менен акылмандыкты айкалыштыра билген, боорукерлик сезимдерге бөлөнүп, мээримин […]

Сизге жагышы мүмкүн