Сергей Шойгу “Вагнер” козголоңуна  тууралуу биринчи жолу  үн катты

Автор

“ПМК Вагнер”  жана анын башчысы Евгений Пригожиндин 23-25-июндагы баш аламандык аракети “Украинадагы атайын операциянын жүрүшүнө таасирин тийгизген жок”, – деп билдирди коргоо министри Сергей Шойгу тематикалык селектордук жыйында.

«Бул пландар биринчи кезекте Куралдуу күчтөрдүн өздүк курамы антына жана аскердик милдетине берилгендигин көрсөткөндүктөн ишке ашпай калды. Провокация аскерлердин топторунун аракеттерине таасирин тийгизген жок», – деди ал.

Эске салсак, “Вагнер” козголоң уланып жатканда, Сергей Шойгу коомдук мейкиндикке чыккан жок жана болуп жаткан окуяларга комментарий берген эмес. Козголоң аяктагандан бир күн өткөндөн кийин, 26-июнда Шойгу Путин менен күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин жолугушуусуна чыгып, бирок  эч кандай  билдирүү жасаган эмес.

Бөлүшүү:
Next Post

Иранда аялдарга  футбол көрүүгө  уруксат берилди

Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча Жогорку кеңеши 44 жылдан бери биринчи жолу аялдарга эркектер арасындагы футбол беттештерине көрүүгө уруксат берди. Бул тууралуу ISNA агенттиги кабарлады. Ирандын футбол федерациясынын башчысы Мехди Таж: «Муну кантип ишке ашырууну чечүү үчүн жумушчу топ түзүлдү», – деди. Ал өлкөдө аялдардын спортуна арналган радио да түзүлөт деп […]

Сизге жагышы мүмкүн