Иранда аялдарга  футбол көрүүгө  уруксат берилди

Автор

Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча Жогорку кеңеши 44 жылдан бери биринчи жолу аялдарга эркектер арасындагы футбол беттештерине көрүүгө уруксат берди. Бул тууралуу ISNA агенттиги кабарлады.

Ирандын футбол федерациясынын башчысы Мехди Таж: «Муну кантип ишке ашырууну чечүү үчүн жумушчу топ түзүлдү», – деди. Ал өлкөдө аялдардын спортуна арналган радио да түзүлөт деп айтты.

Адегенде кыз – келиндерди  өлкөнүн түрдүү провинцияларындагы төрт аренага кабыл алынат: Сиржан шаарындагы  “Гол Гухар”, Исфахандагы “Накш-е Жахан”  жана Фулад Шехр . Тегерандагы «Азади» стадиону да жакында даярдалат.

Белгилей кетсек, 1979-жылдагы Ислам революциясынан кийин аялдарга эркектер катышкан оюндарга барууга тыюу салынган. Кээ бир учурларда аларды бейрасмий түрдө стадиондорго киргизип коюшкан, мисалы, 23-марттагы Орусия менен Ирандын жолдоштук беттешине (1:1) кыз келиндер көрүүгө келишкен.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстандын айрым райондорунда сел жүрүшү күтүлөт

Кыргызстандын тоолуу райондорунда сел жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Маалыматка ылайык, 4-6-июлда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Министрликтен белгилешкендей, буга байланыштуу коопсуздук иш-чараларды сактап жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле […]

Сизге жагышы мүмкүн