Саякбай Каралаевге Эл баатырын берүү сунушталды

Автор

Бүгүн, 15-декабрда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда экинчи Элдик курултайда улуу манасчы Саякбай Каралаевге Кыргыз Эл баатыры наамын берүү сунушталды.
Тоң районун келген делегат Исаев Эсенгул улуу манасчынын мааракеси болоорун белгиледи.
“Өзүңөр билгендей быйыл Саякбай Каралаевдин 130 жылдыгы белгиленгени турат. Бул жыйырманчы кылымдын Гомеринин мааракесин мамлекеттик деңгээлде өткөрүп берүүңүздү суранабыз. Мындан тышкары улуу манасчы Саякбай Каралаевге Кыргыз Эл Баатыры наамын берүүңүздү Тоң элинин атынан суранабыз”,-деди.

Бөлүшүү:
Next Post

Арстан Алай УКМК тарабынан кармалды

Диний кастыкты козутуу фактысы боюнча Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевич («Арстан Алай» деген каймана ат менен белгилүү) кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, УКМК диний кырдаалды жакшыртуу боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү максатында, ошондой эле Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыштын белгилери боюнча катталган кылмыш ишинин алкагында 1968-жылы туулган […]

Сизге жагышы мүмкүн