Арстан Алай УКМК тарабынан кармалды

Автор

Диний кастыкты козутуу фактысы боюнча Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевич («Арстан Алай» деген каймана ат менен белгилүү) кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, УКМК диний кырдаалды жакшыртуу боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү максатында, ошондой эле Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыштын белгилери боюнча катталган кылмыш ишинин алкагында 1968-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны, Нарын облусунда туулган Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевичти («Арстан Алай» аты менен белгилүү) кармалган.

«Кылмыш ишин козгоого А.Абдылдаевдин «Facebook», «Instagram» жана «YouTube» социалдык түйүндөрүндө, ошондой эле китептерде жана брошюраларда диний жана диндер аралык кастыкты козутууга багытталган чакырыктар камтылгандыгы тууралуу алынган маалыматтар негиз болгон. Ал өзүн «Жаңы Кудай», «Куткаруучу» деп эсептеп, башка диндерди, ишенимдерди, көз караштарды төмөн, алсыз жана жараксыз адашуу деп эсептеп, аларга терс баа берет. Чүй облусунда жашаган жеринде тинтүү жана лекцияларды (мантра деп аталган) өткөрүүнүн натыйжасында көп сандагы адабияттар, атап айтканда (китептер, брошюралар жана дептерлер), компьютерлер жана электрондук алып жүрүүчүлөр алынган», — деп айтылат маалыматта.
Жүргүзүлгөн тергөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен А.Абдылдаев КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, КР МУККнын СИЗОсуна киргизилген.

Бөлүшүү:
Next Post

БУУнун комиссары: Мындан ары Газада жашоо мүмкүн эмес

БУУнун башкы комиссары Филипп Лазарини Газа тилкеси азыр жашоого жараксыз экенин билдирди. Муну ал аймактагы кырдаалдын начарлашы менен түшүндүрдү. Инфраструктура талкаланды. Согуштук аракеттер кайра башталгандан бери БУУ шаардын түндүгүнө кире албайт. Аскердик саясат таануучулар ассоциациясынын эксперти Андрей Кошкин белгилегендей, Газанын 80 пайыз калкы үй-жайын таштап, түштүккө көчүүгө аргасыз болгон. Эми […]

Сизге жагышы мүмкүн