Сапатсыз курулуштардын жоопкерчилиги каралат

Автор

Эл өкүлү Элмурза Сатыбалдиев баш болгон 4 депутат сапатсыз курулуштардын алдын алуу жана аларды көзөмөлдөгөн органдардын жоопкерчилигин күчөтүү боюнча мыйзам долбоорун сунушташты. Эми мыйзам кабыл алынып калса, ушул мыйзам аркылуу сапатсыз курулуштарды ээлерине тапшыруу жана кабыл алуу үчүн кылмыш жоопкерчилигин күчөтүү каралат. Мындай демилге сапатсыз курулуштардын көбөйүп, адам өмүрүнө кириптер болуп жатканынан улам пайда болгону айтылууда.

Мындан ары кызмат абалынан пайдаланып, талапка жооп бербеген курулуштарды пайдаланууга уруксат берген кызмат адамы 5 жылга эркинен ажыратылып, кийин кызмат ордуна кабыл алынбайт. Эгер эки же, андан көп адамдын өлүмүнө алып келген окуя катталса, 5-10 жылга чейин белгилүү бир кызмат ордун ээлегенге же, башка бир иш менен алектенгенге тыюу салынат.

Бөлүшүү:
Next Post

Пашинян: Ереван Карабакты Азербайжандын бир бөлүгү катары таанууга даяр

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Тоолуу Карабак кирген Азербайжандын аймактык бүтүндүгүн, армян калкынын коопсуздугун камсыз кылуу шарты менен тааный турганын билдирди. “Аянты 86,6 миң чарчы метр Тоолуу Карабакты да камтыйт. Бирок биз Тоолуу Карабахтагы армяндардын укуктары жана коопсуздугу маселеси Степанакерт-Баку диалогунда талкууланышы керек экенин такташыбыз керек»,-деп айтылат билдирүүдө. Ошол эле учурда […]

Сизге жагышы мүмкүн