КМШнын кийинки саммити Орусияда өтөт

Автор

2024-жылдын 1-январынан тарта Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин органдарына төрагалык кылуу Россия Федерациясына өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда  КМШнын башкы катчысы Сергей Лебедев билдирди.

“КМШга төрагалык кылуу маселеси каралды. Делегациялардын башчылары 2024-жылы Шериктештикке төрагалык кылууну Россия Федерациясына өткөрүп берүү чечимин кабыл алды”, – деди ал.

Кийинки саммит 2024-жылдын 8-октябрына белгиленди.

Бөлүшүү:
Next Post

Израилдин армиясы Газаны танктар менен текшерип чыкты

Израилдин коргонуу күчтөрү Газа тилкесинде террорчулардан келген коркунучту жок кылуу аракетинде жана барымтадагыларды табууга жардам бере турган маалыматтарды чогултуу максатында рейддерди өткөрдү. Армия ХАМАС кыймылынын аймактагы танкка каршы ракеталарды аткан инфраструктурасын зыянсыздандырганын билдирди. 7-октябрда жаңжал башталгандан бери Израилде курман  болгондордун саны 1,3 миңден, Газа тилкесинде 1,4 миңден ашты. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн