АФК Кубогунун тайпалык этабы: «Абдыш-Ата» тажикстандык «Равшанды» жеңди

Автор

2023-2024 АФК Кубогунун тайпалык этабынын төртүнчү турунун алкагында ата-мекендик «Абдыш-Ата» клубу тажикстандык «Равшан» ФКсы менен оюнда кез келди.

Беттеш  Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү.

Эсеп 1:0, оюн канттык «Абдыш-Ата» клубунун жеңиши менен аяктады. Жалгыз голду атаандаштын дарбазасына оюндун 49-мүнөтүндө Айзар Акматов киргизди.

Ошентип, «Абдыш-Ата» «Е» тайпасынын ичиндеги лидерлигин сактап, төртүнчү турдан кийин өздөрүнө 10 упайды камсыздады.

Тайпа ичиндеги дагы бир «Алтын-Асыр» – «Мерв» ортосундагы оюн бүгүн Бишкек сааты боюнча 20:00дө башталды.

Бөлүшүү:
Next Post

Баткен облусунда дем берүүчү гранттын эсебинен 25 долбоор каржыланды

2023-жылдын 10 айына карата Баткен облусуна дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен 45,3 млн сом бөлүндү. Финансы министрлигинен билдиришкендей, аталган каражатка 25 долбоор каржыланды. Алар:   – 6 мектепке – 8,5 млн сом;   – 13 инженердик-коммуникациялык инфраструктура объектилерине 27,5 млн сом;   – 4 маданий маанидеги объектиге – 5,9 млн […]

Сизге жагышы мүмкүн