Самбо боюнча Дүйнө кубогу: Кыргызстандын капчыгы 6 медалга толукталды

Автор

Чолпон-Ата шаарында самбо боюнча Дүйнө кубогунун экинчи күнү жыйынтыкталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдештин экинчи күнүндө күжүрмөн самбо боюнча эркектер арасында 58, 64, 71, 79, 88, 98, 98+ кг салмак даражаларында, ал эми кыздар арасында 59, 65, 72 кг салмактарында беттештер өттү.

Улуттук курама команда экинчи күндүн жыйынтыгы менен жалпы 6 медаль жеңди. Анын 2 күмүш жана 4 коло медаль.

Күжүрмөн самбо боюнча эркектер арасында Саяк Бараканов жана 88 кг салмак даражада Бектен Эркебай уулу күмүш медалга ээ болушту.

Ал эми 98 кг салмак даражасында Бекболсун Керимбеков жана 71 кг салмак даражасында Курманбек Замирбек уулу коло байгенин ээлери болушту.

Спорттук самбо боюнча кыздар арасында 54 кг салмакта Акак Үсөн кызы жана 72 кг салмак даражасында Динара Камчыбекова коло медаль жеңишти.

Белгилей кетсек, мелдеш “Газпром-балдарга” ден-соолукту чыңдоо борборунда өтүп, ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Болгария, Азербайжан, Армения, Кытай, ФИАС 1 (Россия), ФИАС 2 (Беларусия) жана Израилден келген спортчулар катышты.

Бөлүшүү:
Next Post

Президент тышкы миграция жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизди

Президент “Тышкы миграция жөнүндө” КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” КР мыйзамына кол койду. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2023-жылдын 29-июнунда кабыл алынган. Мыйзам чет мамлекеттин жарандарынын өлкөнүн аймагында болуу тартибин иретке келтирүү жана миграциялык агымдарды контролдоону күчөтүү максатында кабыл алынган. Бул мыйзам менен “Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына төмөнкү өзгөртүүлөрдү […]

Сизге жагышы мүмкүн