Бишкекте хоккей боюнча чемпионаттын 3-дивизиондук беттеши өтөт

Автор

Хоккей боюнча дүйнө чемпионаттынын 3-дивизиондук таймашында Бишкек шаарында алты команда ат салышат. Биринчилик «Бишкек аренасында» 10-16-мартта өтмөкчү.
Кыргызстандын курама командасы экинчи дивизионго чыгуу үчүн таймашат. Атаандаштар — Мексиканын, Түштүк Африка Республикасынын, Люксембургдун, Түркмөнстандын жана Таиланддын командалары.
Кыргызстандык хоккейчилердин беттеше турган күндөрү:
Кыргызстан — Таиланд, 10-март, саат 20:00;
Кыргызстан — Люксембург, 11-март, саат 20:00;
Кыргызстан — Түркмөнстан, 13-март, саат 20:00;
Кыргызстан — Мексика, 14-март, саат 20:00;
Кыргызстан — Түштүк Африка Республикасы, 16-март, саат 20:00.

Бөлүшүү:
Next Post

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын Кыргызстанда өтүшү мүмкүн

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын Кыргызстанда өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин коллегиясында белгилүү болду. Маалыматка ылайык, жыйында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов бул маселе учурда талкууланып жататкандыгын билдирди. Эскерте кетсек, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары – бул Кыргызстандын эл аралык денгээлдеги эң ири […]

Сизге жагышы мүмкүн