Сакуранын гүлдөө мезгили расмий башталды

Автор

14-мартта Токиодо сакуранын гүлдөө мезгили расмий түрдө башталды.
Көбүнчө кеңири таралган сорт марттын аягында гүлдөйт, бирок, быйыл биринчи бүчүрлөрү эки жума мурда пайда болгон.
Токиодо сакуранын гүлдөө мезгили расмий түрдө борбор калаанын борборундагы атайын дарактын биринчи беш гүлү ачылганда башталат. Аны Япониянын метеорологиялык башкармалыгынын адистери кылдаттык менен байкап, марттын башынан бери бардык бактарын текшерип жатышат.
Япон адабиятында сакура жөнүндө биринчи маалымат биздин заманга чейин 712-жылы пайда болгон.
Жалпысынан Японияда сакуранын беш негизги түрү жана 200 гибрид түрү бар.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 15-мартка карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 87 сом 48 тыйындан  болсо, сатуу  88 сом 31 тыйынга чейин  болууда.   Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 87 сом 41 тыйын  деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн