Газа бийлиги келтирилген зыянды 15 миллиард доллар деп эсептеди

Автор

Израилдин Газа тилкесиндеги аскерий операциялардын зыяны 15 миллиард доллардан ашты. Аймакта 7 миңдей адам дайынсыз жоголгондордун тизмесинде.
Маалыматтарга караганда, Газадагы 700 миңдей палестиналык катаал жашоо шартынан улам жугуштуу ооруларга чалдыккан. Азык-түлүк запастары түгөнүп, Газанын түндүгүндө ачарчылык көйгөйүнүн күчөгөнү айтылды.
Израил менен ХАМАС кыймылынын ортосундагы жаңжал 2023-жылдын 7-октябрынан бери уланууда. Израил 1,4 миң киши өлгөнүн кабарлады, Палестина бийлиги курман болгондордун санын 27 миңден ашык деп эсептейт.
Ушул аптада ХАМАС Катар менен Египеттин ортомчулары аркылуу Израилге үч баскычтуу тынчтык планын сунуштады. Анда бир нече миң палестиналык туткундардын ордуна төрт жарым айдын ичинде бардык израилдик туткундарды бошотууга убада кылууда. Анткен менен ХАМАСтын шарттары Газадан израилдик аскерлерди толук чыгарып кетүүнү камтыйт. Бул Израилдин позициясына карама-каршы келет.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстан Түркияга жаңгак экспорттойт

Кыргызстан Түркияга 400 тонна кыргыз жаңгагын экспорттойт. Мындай макулдашууга эки өлкөнүн ортосундагы Соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 11-жыйынынын жыйынтыгында жетишилди. Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына караганда , түзүлгөн келишимдин негизинде жаңгактын алгачкы тобу 15-февралда экспорт болууга даярдалууда. Белгилей кетсек, отурумдун ишине КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган […]

Сизге жагышы мүмкүн