Садыр Жапаров Санкт-Петербургга келди. Делегациянын курамы

Автор

Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Санкт-Петербург шаарына келди. Сапардын алкагында Санкт-Петербург шаарында Мамлекет башчысы Жогорку Евразия экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) кезектеги отурумуна жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине кирген өлкөлөрдүн жетекчилеринин бейформал жолугушуусуна катышат.
Мамлекет башчысын “Пулково” эл аралык аэропортунда Санкт-Петербургдун губернатору Александр Беглов жана башка расмий адамдар тосуп алышты.
Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамындагылар:
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев;
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
Кыргызстандын Россиядагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу элчиси Гульнара-Клара Самат;
Экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев.
Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумунун жүрүшүндө 2030 жана 2045-жылдарга чейинки мезгилде Евразия Экономикалык Бирлигинин алкагында интеграциялык процесстерди андан ары өнүктүрүүнүн милдеттери жана негизги багыттары каралат. Мындан тышкары, жыйындын алкагында Иран Ислам Республикасы менен ЕАЭБтин эркин соода аймагы жөнүндө Макулдашууга кол коюу күтүлүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

Согуштан бери 100дөн ашуун журналист көз жумду

Израил менен ХАМАС кыймылынын ортосундагы согуш башталгандан бери Газа тилкесинде көз жумган журналисттердин саны 101ге жеткенин Газа медиа кеңсеси билдирди. Декабрдын башында Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) алардын санын 63 деп билдирген. Газадагы салгылашуулардын 101-курмандыгы палестиналык басылмалардын биринин кабарчысы Ахмед аль-Мадхун болгон. Ал анклавдын түндүк бөлүгүндө жайгашкан аймакта аткылоого кабылган. Израил […]

Сизге жагышы мүмкүн