Согуштан бери 100дөн ашуун журналист көз жумду

Автор

Израил менен ХАМАС кыймылынын ортосундагы согуш башталгандан бери Газа тилкесинде көз жумган журналисттердин саны 101ге жеткенин Газа медиа кеңсеси билдирди. Декабрдын башында Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) алардын санын 63 деп билдирген.
Газадагы салгылашуулардын 101-курмандыгы палестиналык басылмалардын биринин кабарчысы Ахмед аль-Мадхун болгон. Ал анклавдын түндүк бөлүгүндө жайгашкан аймакта аткылоого кабылган.
Израил менен ХАМАСтын ортосундагы жаңжал 7-октябрда башталган. Анда 1,2 миң израилдик өлүп, 5,4 миңи жарадар болгону маалымдалган.
Газа тилкесинин Саламаттыкты сактоо министрлиги 19 миң киши согуштун курмандыгы болгонун кабарлады.

Бөлүшүү:
Next Post

Тоолуу райондордо кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тоолуу райондордо кар көчкү түшүү коркунучуна байланыштуу чукул билдирүү таратты. Синоптиктердин айтымына караганда, 23-24-декабрь күндөрү жаан чачын катуу жаап, шамал болушу ыктымал. Ага байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Тактап айтканда, Каракол-Эңилчек унаа жолунун 74-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүү коркунучу жогору. […]

Сизге жагышы мүмкүн