Базарлар мамлекетке өтүшү мүмкүн

Автор

Базар ээлери арендаларды ыксыз көтөрүп, соодагерлерге шарт түзүп берген эмес. Эгер алар соодагерлерге  шарт түзбөсө, базарлар мамлекеттин пайдасына өтөт. Мындай маалыматты УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев таратты.

Анда мамлекет контейнерлерди соодагерлерге бекер таратып, базар ээлеринин бекиткен акчаларын таап чыгат деп айтты. Ал УКМКнын кызматкерлерине кайрылып, өлкө аймагындагы бардык базарларды текшерип, аренда акыларды аныктап, мамлекеттик кызматта иштеп туруп, контейнерлерди арендага бергендерди таап чыгууну буйруду. Мындан ары депутат, министр болгонуна карабастан базары же, контейнери бар жарандар коомчулукка ачыкталат. “Бүгүнкү күнү мамлекет элди кыйнаган жок. Базар ээлери элди кыйнап жатышат. Ошолор ККМди киргиздирбейбиз деп элди уюштуруп чуркап жүрүшөт. Мына ушулар боюнча чара көрөсүңөр деп ойлойм”,-деди ал.

Бөлүшүү:
Next Post

Депутат спорт көйгөлөрүн көтөрдү

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов  Кыргыз спорттунун көйгөйлөрүн көзгө сайып, бирден санап берди. Бул тууралуу эл өкүлү бүгүн, 7-ноябрда парламенттин жалпы жыйынында билдирди. Анын айтымында Кыргызстандын келечеги спорт, улуттун туусун желбиреткен спортчулар экендигин белгилеп, соңку айлардагы алтын медаль алып келген спортчуларды атады. Атазов келаткан жыл Олимпиада жыл экендигин айтып, Бишкектеги […]

Сизге жагышы мүмкүн