Россия Украинага курал-жарак жеткирүү боюнча БУУнун Коопсуздук Кеңешинин жыйынын өткөрүүнү суранды

Автор

Россия 18-майда Украинага Батыштын курал-жарактарын жеткирүү боюнча БУУнун Коопсуздук Кеңешинин жыйынын өткөрүүнү суранган. Бул тууралуу Россиянын эл аралык уюмдагы туруктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Дмитрий Полянский билдирди.
Бир күн мурда Улуу Британия Украинага 250 чакырымдан ашык уча турган бир нече Storm Shadow канаттуу ракеталарын бергени маалымдалган. Лондон Киевден бул ракеталарды Россиянын терең аймагына каршы колдонбоо боюнча кепилдик алган. Бирок алар сокку уруу үчүн колдонулушу мүмкүн.
Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Москванын Киевге Батыштын мындай жардамына терс көз карашта экенин билдирди. “Бул биздин аскерлерден адекваттуу жоопту талап кылат, алар, албетте, аскердик көз караштан алганда, тиешелүү чечимдерди кабыл алышат”-деди.

Бөлүшүү:
Next Post

Ошто 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды. КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 11-майда болжол менен саат 19:48де катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен. Жер титирөө Өзгөн районунун Шоро-Башат айылында – 3,5 балл, Өзгөн шаарында, Жыланды, Красный Маяк, Калта, Кара-Дөбө, Шералы, Кароол, Бакмал, Мырза-Арык айылдарында – 3 балл, Мырза-Аке, Ак-Жар, […]

Сизге жагышы мүмкүн