Эрдоган карьерасындагы акыркы шайлоо болорун айтты

Автор

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган 31-мартта боло турган муниципалдык шайлоо ал үчүн акыркысы болорун айтты. Саясатчы 2028-жылы күтүлүп жаткан президенттик кызматтан кеткенден кийин өзүнүн Адилеттик жана Өнүгүү партиясы бийликте кала берерине ишенерин билдирди. Алдыдагы жергиликтүү шайлоону өзүнөн кийин келе тургандар үчүн бата деп атап, ишеним алмашуу болорун кошумчалады.
«Тынымсыз иштеп жатабыз, анткени мен үчүн бул финал. Мыйзам берген ыйгарым укуктарды эске алганда, бул шайлоо менин акыркы шайлоом»,-деди ал Түркия жаштар фондунун (TUGVA) жыйынында.
Эрдоган 2003-жылы премьер-министр, 2014-жылы президент болуп шайланган. 2017-жылы конституциялык өзгөртүүлөр премьер-министрлик кызматты жоюп, Эрдоганга аткаруу бийлигин толук берген.

Бөлүшүү:
Next Post

Абдывахаб Нурбаев балдарга үчүн заманбап жөндөмдөрдү сунуштады

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Абдывахаб Нурбаев балдар үчүн учурдагы жөндөмдөр аз экендигин белгилеп, балдар үчүн заманбап, өзгөчө жөндөмдөрдү сунуштады. Бул тууралуу ал соцтармактагы баракчасына жазды. “Билим берүү – бардык тармактардын негизин түзөт. Жаштарыбыз жакынкы келечекте жумуш таап иштөөсү үчүн кайсы жөндөмдөрдү өздөштүрүшү керектигин ойлонушубуз керек. Булар билим берүүнүн мамлекеттик стандартында […]

Сизге жагышы мүмкүн