Россия Айга планеталар аралык станциясын учурду

Автор

«Союз-2.1б» ташуучу ракетасы «Восточный» космодромунан 50 жыл ичиндеги биринчи россиялык «Луна-25» станциясы менен учурулду. Роскосмостун жетекчиси Юрий Борисов тактагандай, станциянын Айга конушу 21-августта күтүлүүдө, ал эми конуу жери Айдын түштүк полярдык аймагындагы Богуславский кратеринин түндүгүндөгү аймак болот.
Борисов белгилегендей, саат 2:20да учурулгандан кийин Айга конуучу аппараты бар жогорку баскыч ракетанын үчүнчү баскычынан бөлүнгөн. Станция орбитада үч-жети сутка бою жумшак конууга даярданмакчы. «Луна-25» конгондон кийин илимий изилдөөлөрдү жүргүзөт . Иштин мөөнөтү бир жылга эсептелинет.
Станциянын бортунда 31 килограммга жакын илимий аппаратура бар. Алар топуракты казууга жана анын үлгүлөрүн алууга жөндөмдүү.
Мурдагы Луна 24 миссиясы 1976-жылы жөнөтүлүп, жерге 170 г Айдын топурагын жеткирген.

Бөлүшүү:
Next Post

Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Беларустун спорт министри менен жолукту

Кыргызстандын Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов Беларустун спорт министри Сергей Ковальчук менен жолукту. Жолугушуу Беларуста өтүп жаткан КМШ өлкөлөрүнүн II оюндарынын алкагында өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө Сергей Ковальчук Беларусь мамлекети спорт тармагында Кыргызстан менен кызматташууга, өспүрүмдөр жана жаштар арасында спортту өнүктүрүүгө жана тажрыйба алмашууга кызыкдар экенин айтты. Айбек […]

Сизге жагышы мүмкүн