АКШ Киевге жаңы жардам үчүн шарт койду

Автор

Украинанын эл депутаты Ярослав Железняк Америка Кошмо Штаттары Киевге андан ары каржылоо шартын койгонун билдирди.
Железняк өзүнүн Telegram каналында жазгандай, АКШ Киевдин Украинадагы муктаждыктарын андан ары каржылоо үчүн 45 күндүн ичинде бир дагы ири коррупциялык жаңжал болбошу керек.  Эл өкүлү Ак сарайда Зеленский менен Байдендин сүйлөшүүлөрүндө АКШ бийлиги коррупция темасына өзгөчө басым жасаганын баса белгиледи.
Эске салсак, кечээ АКШ Конгресси Украинага 6,2 миллиард доллар өлчөмүндөгү жардамды эсепке албай, өкмөттүн ишин токтотпоо үчүн өлкөнүн 45 күнгө убактылуу бюджетин бекиткен.
45 күндүк убактылуу каржылоодо табигый кырсыктан жабыркагандарга жардам берүү каражаттары каралган. Бирок Украинага жардам каралган эмес.

Бөлүшүү:
Next Post

Президент Кочкордо Ормон Хандын эстелигин ачты

Президент бүгүн, 2-октябрда Кочкор районунун Семиз-Бел айылына барды. Ал жерде Кыргыз Республикасынын желегинин салтанаттуу көтөрүлүшү жана Ормон Хандын 230 жылдыгына арнап тургузулган эстеликтин ачылышына катышты. Ал сүйлөгөн сөзүндө кыргыз желегинин бардык аймактарда көтөрүлүшүн эркиндиктин символу катары баалаган. Ормон Ханды кыргыз тарыхынын оор салмагы катары сыпаттаган. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн