Россиянын президенти жаңы Тышкы саясат концепциясын бекитти

Автор

Россиянын президенти Владимир Путин Россия Федерациясынын жаңы Тышкы саясат концепциясын бекитти.
Документ өлкөнүн эл аралык ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттарын, максаттарын жана милдеттерин аныктайт. Россиянын Тышкы иштер жана башка министрликтер жана ведомстволор үчүн жол картасы болот.
Жаңыртылган Концепциянын негизги жоболору: Россия өзүн Батыштын душманы деп эсептебейт жана андан өзүн обочолонбойт. Батыштын тирешүүнүн пайдасыздыгын түшүнүүсүнө жана тең укуктуу өз ара аракеттенүүгө кайтып келээрине ишенет.
Москва АКШнын курсун өзүнүн коопсуздугу жана эл аралык тынчтык үчүн коркунучтун негизги булагы катары карайт. АКШнын дүйнөдөгү үстөмдүгүнүн калдыктарын жок кылууга артыкчылык берилет. Кытай жана Индия менен байланыштарды жана координацияларды ар тараптан тереңдеткиси келет. Жакынкы чет мамлекеттердеги негизги максат – аймакты тынчтыктын, жакшы коңшулаштыктын жана гүлдөп өнүгүүнүн аймагына айландыруу.

Бөлүшүү:
Next Post

Эртең Бишкекте веложүрүш өтөт

Эртең, 2-апрелде веложүрүштүн ачылышына байланыштуу  Бишкектеги айрым көчөлөр жабык болот. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. Маалыматка  ылайык, 2-апрелде саат 8:50дөн баштап “Ала-Тоо” аянтынан тартып Чүй проспекти Панфиловдон баштап Абдрахманов көчөсүнө чейин, андан ары Дайыр Асанов атындагы “Жеңиш” паркына чейин жабык болот. Катышуучулар жүрүштү саат 09:00дө “Ала-Тоо” аянтынан баштап, саат 10:30да Дайыр […]

Сизге жагышы мүмкүн