Эртең Бишкекте веложүрүш өтөт

Автор

Эртең, 2-апрелде веложүрүштүн ачылышына байланыштуу  Бишкектеги айрым көчөлөр жабык болот. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Маалыматка  ылайык, 2-апрелде саат 8:50дөн баштап “Ала-Тоо” аянтынан тартып Чүй проспекти Панфиловдон баштап Абдрахманов көчөсүнө чейин, андан ары Дайыр Асанов атындагы “Жеңиш” паркына чейин жабык болот.

Катышуучулар жүрүштү саат 09:00дө “Ала-Тоо” аянтынан баштап, саат 10:30да Дайыр Асанов атындагы парктан токтойт.

Мэрия жашоочулардан ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, жабык жолдорду эске алуу менен сапарды алдын ала пландоого чакырган.

Эске салсак,  иш-чараны борбор калаанын мэриясынын колдоосу менен Megacom компаниясы, «Велоfriends позитив KG”  ачык коому уюштурууда.

Бөлүшүү:
Next Post

30 жылдан бери өлкөнүн соц тармагы чириген абалда

Өлкөнүн социалдык тармагын тейлеп отурган Эдил Байсалов журналист Улукбек Карыбек уулу жөнүндө роман токуп, ага этиканы, мыйзамды жана журналисттик жүрүм-турумду үйрөтүүгө аракет кылыптыр. Кыргыз “жыргаганыман кошокчу болупмунбу”, – деп коёт. 30 жылдан бери өлкөнүн соц тармагы чириген абалда. Мектептер менен Жогорку окуу жайлар мындан да аянычтуу.  Эдил Байсалов муштум кезеп, […]

Сизге жагышы мүмкүн