Газада 13 миңден ашык адам көз жумду

Автор

Израил менен ХАМАС тобунун ортосунда жаңжал  башталгандан бери набыт болгон жайкын тургундардын саны 13,3 миңден ашты.  Алардын 5,6 миңи балдар.
“Газа өкмөтүнүн басма сөз катчысы Исмаил Тавабта анклавдагы жардыруудан 13 300дөн ашуун адам каза болгонун билдирди”,-деп билдирди “Al Jazeera” басылмасы. Жоготуулардын арасында 5600ү балдар. Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлиги бул тармакта система кыйрагандан улам  расмий маалыматтарды улам жаңылай албайт.  Өкмөттүн маалымат борборунун жазгандарына караганда жарадар болгондордун саны 31 миңден ашты.

Бөлүшүү:
Next Post

Элдик Курултайга Ош облусунан 118 делегат катышат

Үстүбүздөгү жылдын 15-декабрында Бишкекте өтчү II Элдик курултайга  Ош облусунан 118 делегат катышат. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн  билдиришти. “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы №215 “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында  Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо иштерин координациялоо боюнча иш-чаралардын календардык планына ылайык 2023-жылдын 18-ноябрь күнү Ош облусунун […]

Сизге жагышы мүмкүн