Россиянын катаал сынчысы президент болуп шайланды

Автор

Мурдагы премьер-министр, Улуттук коалициялык партиядан талапкер, консерватор Александр Стубб Финляндиянын жаңы президенти болуп шайланды.
Стубб 11-февралда Финляндияда өткөн президенттик шайлоонун экинчи айлампасында жеңип чыккан. Ал добуштардын 51,6 пайызын алды. Атаандаштары Хаависто Стуббду Финляндиянын 13-президенти катары куттуктады.
Финляндиянын жаңы президенти Александр Стубб 1-марттан тарта азыркы президент Саули Ниинистонун ордуна расмий түрдө кызматка киришет.
Стубб Россиянын сынчысы. Шайлоонун алдында ал Россиянын президенти Владимир Путин менен “саясий диалог” мүмкүнчүлүгүн көрбөй турганын билдирген. Ошол эле учурда ал Украина Евробиримдиктин мүчөсү болуп, «эртеби-кечпи» НАТОго кирерине ишенет.

Бөлүшүү:
Next Post

Кандай учурда ата-энеден үй-мүлк мурасталышы мүмкүн?

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев Жарандык кодекске өзгөртүү сунуштады. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Документте ата-энесинен калган мурасты бөлүштүрүүнүн жол жобосун жөнгө салуу каралат. Эл өкүлүнүн айтымында, учурда мүлктү бөлүштүрүүдө туугандардын ортосундагы чыр-чатактар көп кездешүүдө. “Мисалга алсак төрт бир тууган, бирок алар эмес, алардын аялдары соттошкон учурлар болгон. Азыр […]

Сизге жагышы мүмкүн