Зеленский менен Байден Украинадагы кырдаалды талкуулашты

Автор

Украинанын президенти Владимир Зеленский НАТОнун Вильнюстагы саммитинин алкагында америкалык кесиптеши Жозеф Байден менен жолугушту. Бул тууралуу Зеленский Telegram аркылуу билдирди

“АКШ президенти Жозеф Байден менен Вильнюста маңыздуу, күчтүү жолугушуу болду” деп жазды Зеленский.

Анын айтымында, тараптар Украинадагы согуш аймагындагы кырдаалды, Киев менен Вашингтондун узак мөөнөттүү коргонуу кызматташтыгын, ошондой эле «акыркы окуяларды эске алуу менен Орусиянын ички жараяндарын» кеңири талкуулашты.

Зеленский Украинадагы куралдуу кагылыштын фонунда АКШга көрсөткөн аскердик, финансылык жана саясий колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 13-июлга карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 87.8 сом  болсо, сатуу  88.1 сом  чейин  болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 87 сом 86 тыйын  деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн