Түштүк Кореялыктардын жашы төрөлгөндөн эсептелет

Автор

Түштүк Корея 28-июндан тарта адамдын жашы туулган күндөн тартып эсептелүүчү эл аралык системага өткөнүн “Йонхап” агенттиги билдирди.
Өлкөдө жашты эсептөө үчүн эки система кабыл алынган.  Алардын эң кеңири тараганына ылайык, адам туулган күнүндө бир жашка толот. Ал эми жаңы жылдын биринчи күнү анын жашына дагы бир жаш кошулат.  Бул система боюнча 31-декабрда төрөлгөн ымыркай 1-январда эки жашка чыгат.  Бул система “Корей доору” деп аталат.  Экинчиси эл аралык системадан айырмаланып, адамдын чыныгы туулган күнүн күтпөстөн, жаңы жылдан кийин дароо жашына бир жыл кошулат.
Эл аралык стандарт административдик-соттук чөйрөдө колдонулат, бирок аскерге чакырууга, алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки сатып алууга чектөөлөргө, мектепке кабыл алууда колдонулбайт.
Эл аралык жаш системасына өтүү президент Юн Сок Ёлдун шайлоо алдындагы убадаларынын бири болгон.  Парламент реформаны декабрда жактырган.  Жашты аныктоонун бирдиктүү системасы административдик чыгымдарды олуттуу кыскартат деп болжолдонууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Орхан Инанды, агартуучу: "Ак ийилет бирок, сынбайт"

21 жылга соттолду делген белгилүү агартуучу Анкарадагы Синжан түрмөсүнөн Кыргызстандыктарга салам жолдогон. Ал адилеттүүлүктү издөөгө багытталган күрөш эми башталганын жактоочусу аркылуу билдирген. “Мен ар дайым Кыргызстанды эстейм. Кыялымда ар күн сайын окуучуларым, алардын ата-энелери, мугалимдер, достор жана тааныштарым менен эле жүрөм. Бул чечим акыркы чечим эмес. Кудай буюрса, актыгымды далилдейм. […]

Сизге жагышы мүмкүн