Кыргызстандык жөө күлүктөр Азия чемпионатында байгелүү орундарга ээ болушту

Автор

Кыргыз Республикасынын жеңил атлетика боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Нурсултан Кеңешбеков жана Айнуска Калил кызы Тегеран шаарында (Иран) өтүп жаткан Азия чемпионатында байгелүү орундарга ээ болушту.
Нурсултан Кеңешбеков 1500 м аралыкты 3:49.10 секунд убакытта чуркап өтүп алтын медалга ээ болду. Ошондой эле, кыз-келиндер арасында катышып жаткан Айнуска Калил кызы 1500 м аралыкты 4:35:29 секунд убакытта басып өтүп 2-орунду ээледи.
Мелдешке Кыргызстандын атынан Айнуска Калил кызы (1500-3000 м), Мария Коробицкая (3000 м), Нурсултан Кеңешбеков (1500-3000 м), Майсал Макумбек уулу (800 м) жана Самат Казакбаевдер катышууда (1500-3000 м).
Курама команда башкы машыктыруучу Татьяна Борисованын жетекчилиги алдында мелдешке катышууда.
Эскерте кетсек, 17-февраль күнү башталган жеңил атлетика боюнча Азия чемпионаты 20-февралда жыйынтыкталат.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргыз-тажик чек арасынын дагы 1,11 чакырымы макулдашылды

Жетишилген макулдашууга ылайык, 2024-жылдын 11-февралынан 18-февралына чейин Тажикстан Республикасынын Согди облусунун Бустон шаарында Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер жана топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жыйыны болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар чечиле элек аймактарда биргелешкен изилдөө иштерин жүргүзүп, кыргыз-тажик […]

Сизге жагышы мүмкүн