Жумуртканын баасы эмне үчүн кымбаттап жатат?

Автор

Эки айда 30 пайыздан ашык көтөрүлгөн тоок жумурткасынын бир топ кымбатташы орус бийлигин тынчсыздандырууда. Өкмөт жумуртканы салыксыз ташып келүүгө уруксат берип, Башкы прокуратура өндүрүүчүлөрдү текшере баштады. Эксперттердин пикири боюнча, бул чаралар өзгөчө кырдаал катары гана каралышы мүмкүн. Жумурткага болгон баанын өсүшү бир катар себептерден улам келип чыгууда. Мобилизация жана элдин сыртка агылышынан улам жумушчу күчүнүн жетишсиздиги, ошондой эле өндүрүштүн наркынын өсүшү.
Акыркы бир нече айдын ичинде тооктун жумурткасы Россияда негизги азык-түлүк товарларынын арасында баалардын өсүшү боюнча лидерлердин катарында. Росстаттын маалыматы боюнча, эки эле айдын ичинде, октябрдын башынан декабрдын башына чейин – өлкөдө орточо эсеп менен 34 пайызга, 87ден 116,5 рублга чейин өскөн. Жыл башынан бери тооктун жумурткасынын орточо чекене баасы 36,5 пайызга, ал эми 2022-жылдын декабрынан бери 42 пайызга кымбаттады.
Тооктун жумурткалары эми Түркиядан жана Азербайжандан алынат. Россельхознадзор 8-декабрдан бери Түркиянын 17 канаттуулар фабрикасынан тоок жумурткасын алып кирүүгө уруксат берди.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргыз-тажик чек арасынын дагы 47,05 чакырымы такталды

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусу болду. Бул тууралуу КР министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти. Тараптардын жолугушуусу жетишилген макулдашууга ылайык, үстүбүздөгү жылдын 8-декабрынан 14-декабрына чейин Баткен облусуна караштуу Баткен шаарында өткөн. “Бул жолугушууда топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 47,05 чакырымы […]

Сизге жагышы мүмкүн