Байден дагы бир жолу Путинди жамандады

Автор

Американын президенти Жо Байден Түндүк Каролинада шайлоочулардын алдында сүйлөп жатып дагы бир жолу Владимир Путинди кемсинткен сөздөрдү айтты. АКШ президентинин сөзү Ак сарайдын сайтына жарыяланды.
Байден Түндүк Каролинада Украинага жардам бөлүү үчүн байларга салыкты көтөрүү тууралуу сөз кылып жатып россиялык кесиптеши Владимир Путин тууралуу кайрадан жагымсыз сөздөрдү айтты.
“Муну менен эмне кыла аларыбызды элестетип көргүлө. Биз федералдык бюджеттин тартыштыгын олуттуу кыскарта алмакпыз. Көптөгөн иштерди ырааттуу аткара алмакпыз. Анын ичинде Украинаны касапчы Путинден коргой алабыз”,-деди Байден.

Бөлүшүү:
Next Post

УКМК акыркы чекитти койду

Раимбек Матраимовдун өлкөгө алынып келиниши менен төңкөрүш жасоону кыялдангандардын деми сууп, оту өчтүбү? Айрым соцтармактарда бийликке нааразы күчтөрдүн альянсы түзүлүп, төңкөрүшкө катуу даярдык көрүп жатышкандары айтылган. Мындан улам үстүбүздөгү жылдын 10-январында АКШда бозгунда жүргөн Тилекмат Күрөңовго жана ишкер Имамидин Ташовго УКМК издөө жарыялаган. Кечээ биртууган Матраимовдор УКМКнын убактылуу кармоочу жайына […]

Сизге жагышы мүмкүн