Роналду “Сантьяго Бернабеуге” кайтышы мүмкүн

Автор

“Реал” клубу реконструкциядан бошотула турган “Сантьяго Бернабеу” стадионунун ачылыш оюнуна атаандаш команданы тандады. Оңдоо иштери 2024-жылдын аягында же 2025-жылдын башында бүтөт.
Ачылыш оюнуна мадриддик футболчулар Сауд Арабиянын “Ан-Наср” клубун чакырышты. Белгилүү болгондой, бул командада Криштиану Роналду ойноп жатат.
Эске салсак, Роналду “Реалда” 2009-2018-жылдары ойногон. Ал 438 беттеш өткөрүп, 450 гол киргизип, 131 пас берген

Бөлүшүү:
Next Post

Садыр Жапаров:"Кыргызстанда сөз эркиндигин чектей албайсың"

Президент өлкөдөгү сөз эркиндиги боюнча “Кабар” маалымат агенттигине кезектеги маегин берди. Анда “Кыргызстанда сөз эркиндигин чектей албайсың. Ага эл жол бербейт. Кыргызстандын эли илгертен сөз эркиндиги менен жашап келген эл. Мындан ары да сөз эркиндиги менен жашай берет. Сөз эркиндиги жок дегендер – “сөз эркиндиги” деген терминге жамынып алып, каалаганын […]

Сизге жагышы мүмкүн