Садыр Жапаров:”Кыргызстанда сөз эркиндигин чектей албайсың”

Автор

Президент өлкөдөгү сөз эркиндиги боюнча “Кабар” маалымат агенттигине кезектеги маегин берди. Анда
“Кыргызстанда сөз эркиндигин чектей албайсың. Ага эл жол бербейт. Кыргызстандын эли илгертен сөз эркиндиги менен жашап келген эл. Мындан ары да сөз эркиндиги менен жашай берет. Сөз эркиндиги жок дегендер – “сөз эркиндиги” деген терминге жамынып алып, каалаганын кылып келгендер, сөз эркиндигине жамынып алып өлкөгө бүлүк салууну пландап жүргөн “лжемекенчилдер”. Биз өлкөгө бүлүк салгысы келген андай арам ойлууларга жол бербейбиз. “Сөз эркиндиги” деген терминге жамынып алып биздин менталитетибизге, салтыбызга, табиятыбызга туура келбеген үгүт иштерин жүргүзүп, элди бузуп жатышат. Жалган маалымат таратып, кимдир бирөөлөрдүн аброюна шек келтирген учурлар болуп жатат”,- деди президент.
Бийликте олтурган жемкорлордун бетин ачып, кемчиликтерин айтып турган жарандар боюнча оң пикирин билдирип, “алар бизге пайда гана алып келет.
Буга чейин өлкөдө башаламандык болуп келген. Мындан ары бардык тармактарды ирээтке келтиребиз”,-деген.

Бөлүшүү:
Next Post

8-февралга карата аба ырайы

Эртең, 8-февралда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр карга айланат. Жолдорго муз тоңот. Баткен облусунда жаан-чачын болбойт. Батыштан жел согуп турат, күндүз айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге чейин шамал болот. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз 1…6; Талас жергесинде түнкүсүн -1…-6, күндүз 1…6; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…+3, күндуз 5…10; […]

Сизге жагышы мүмкүн